ӨКМнын маалыматына караганда, Бишкекте 18-майга караган түнү Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечиттен өрт чыккан. Жалын 1300 чарчы метр аянтка жеткен. 

 

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын туташуусуна жана электрмонтаждык иштердин туура эмес жасалганына байланыштуу болгон. 

 

Тилекке жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жана курмандыктар жок. Өрт түнкү саат 2:30да өчүрүлгөн.