2018-жылдын 16-май күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Нарын облусунун аймагындагы жалпы билим берүү мектептериндеги «Акыркы коңгуроо» бүтүрүү кечелерин өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын жыйын өткөрүлдү.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


Жыйындын максаты - жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын-алуу, ошондой эле жаш өспүрүмдөр аралашкан сууга чөгүү, жол кырсыктарына бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды укук коргоо органдарынын, дин кызматкерлеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун ортосунда натыйжалуу кызматташууну аныктоо жана ушул багыттагы ой-пикирлерди ортого салып, алдыңкы тажрыйбаларды жана практикаларды алмашуу үчүн платформа катары жетекчиликке алуу болуп эсептелет.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Асизов Касен Асизович, Нарын облусунун прокурорунун орун басары Токтогазиев Талантбек Дүйшөнбиевич, Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Мамытов Касымбек Ниязалиевич жана ата-энелер комитеттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.


Жыйында Нарын ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев Нарын облусу боюнча жаш өспүрүмдөр арасында жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу багытында 2018-жылдын 4 айына карата аткарылган иштери тууралуу кыскача маалымат берип өттү. Анда, Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жана анын жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрү тарабынан 2018-жылдын 4 айында өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, селсаяктыкка жол бербөө багытында бир катар уюштуруучулук иш-чаралар жүзөгө ашырылган.


Бүгүнкү күндө облуста жалпы 283879 адам жашаган болсо, анын ичинен 112391 жашы жете электер, ал эми 71455 өспүрүм мектеп окуучусу болуп эсептелет.


Облустагы жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 46 кызматкеринин ар бирине 2444 жаш өспүрүмдөн туура келет.


Ошондой эле жыйында, кылмыштуулуктун абалы, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар, өзүн өзү өлтүрүү фактысы (суицид), алдын алуу иш-чаралары, балдар иштери боюнча комиссия (КДД) иштери тууралуу да маалыматтар берилди.


Милиция кызматкерлери кызматкерлери, билим берүү, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, ата-энелер комитеттери менен биргеликте майрамдык иш-чара убагында окуучулар жана бүтүрүүчүлөр арасында кылмыш, укук бузууларды алдын алуу максатында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу, автоунаалар менен сейилдөөгө шарт түзүп берүүлөргө тыюу салуу боюнча, окуу жайларда, кафе, ресторандарда, майрамдык кечелерди уюштурууну жана ошондой эле калк жайгашкан аймактардан сырткары (туристик базалар, эс алуу үйлөрү, тоолор ж.б.) жашы жете элек өспүрүмдөр менен сейилдөө иштерин болтурбоо максатында окуучулар жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилди.


Ошондой эле, иш чаралар убагында эл көп топтолуп, сейилдеген жерлерде авто кайгуулдарды уюштуруу максатында мабилдик топтор түзүлүп, жол коопсуздугун жана өспүрүмдөр катышуудагы жол-унаа кырсыктарын алдын алуу максатында күзөт органдары жана кайгуул багыттары окуу жайларга жакындаштырылып, алдын алуу иш-чаралары уюштурулмакчы.