Депутат Азизбек Турсунбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги коррупция бул өлкөдөгү коррупциялардын бир чети гана экенин билдирди. Айтымында, эл ичинде "Датка-Кемин" сыяктуу башка да жайларда коррупция ылдамдык менен өсүп баратканы тууралуу маалыматтар бар.
"Укук коргоо кызматтары коррупцияга шектелгендер мүлкүн сатып, акчасын топтоп чет өлкөгө чыгып кеткиче карап тура берет. Алар коррупционерлерге мүмкүнчүлүк берип жатышат. Коррупцияга шектүүлөрдү дароо камакка алуу керек, ал турмак мүлктөрүнө, банктагы эсептерине да арест салуу туура. Ошондо эч кайда кача алышпайт. Ак болсо акталып чыгышат", - деген депутат сөзүнүн соңун: "Уурунун орду - түрмөдө!" деген бекем билдирүү менен аяктады.