Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, эл аралык издөөдө жүргөн жарандын өздүгү такталып, ал 1965-жылы туулган М.Б. аттуу болуп чыккан.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 

Ал  жаран Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүмүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан издөөгө алынган. Аталган кылмыш иши 2016-жылдын сентябрь айында козголсо, Базар-Коргон РИИБи тарабынан издөөгө алуу боюнча издөө иши 2017-жылы башталган. Издөөгө алган тарапка маалымдама жөнөтүлдү. Азыркы учурда Минск конвенциясына ылайык өз өлкөсүнө жөнөтүү тууралуу маселелер чечилип жатат.