Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан суроо узатып жатып, капысынан "кытайдын крышасы" деп атап алды Исаковду.
"Бул жерде отурган мурдагы премьер- министрлер, министрлер кандай суроо болбосун мен билбейм, ал билет деп бири бириңерге төңкөрүп, футбол топтой эле кылып жатасыңар да", - деген депутат эл арасындагы бир имишти ачыкка чыгарды. Ал Сапар Исаковдон: "Сизди кытай компаниялардын "крышасы" дешет?" - деп сурап алды.
Бул Исаковдун таалылуу жерине тийдиби, же күтүлбөгөн айыптоону укканына өзүнөн кете түштүбү, бир топко кызаңдады:
"Антип айтпаңыз. Антип айтканыңыз туура эмес. Менин байкашымча, сиз бардык күнөөнү мага үйүп, мени күнөөлүү кылгыңыз келип жатат!"