Жогорку Кеңештин жыйынында КР ТИМдин башчысынын мурдагы орун басары Аскар Бешимовдун депутаттардын берген суроосуна жооп бергени негедир депутат Рыскелди Момбековго жага бербеди. 

 

"Эмнеге кызматтан кеткендерди чакырып алып, эксперт кылып жатабыз? Ушуларды бизди кантип жашоого үйрөтөт бекен?" - деп буркан-шаркан түштү депутат. 

 

Спикер Дастан Жумабеков депутатты "арыдан-бери болууга" үндөдү. 

 

"Рыскелди Чыныбекович, кесиптештериңизди сыйлаңыз. Депутаттар суроо бергени үчүн жооп берип жатат. Бул жерде отургандардын бардыгы мурдагы министрлер да келип катышуусуна макул болушкан. Эмоцияга алдырбаңыз", - деди спикер.