Кыргызстандын чет өлкөлөрдөн үстөк пайызы менен алган насыясы жыл өткөн сайын көбөйүп баратат.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

 

Айтымында, учурда чет өлкөдөн Кыргызстандын үстөк пайызы менен алган насыялары 4,5 млн долларды түздү.

 

“Насыя көбөйүп барат, азыраак албайлыбы, алсак да максаттуу жумшабайлыбы деп эки жыл мурун айттым эле. Анда мени Алмаз Шаршенович “эл душманы” деп атаган. Андагы айткан кебимдин чындыгы Бишкек ЖЭБи аркылуу далилденди. Эми ким эл душманы экенин кыргыз эли таразалап алат. Насыя алганды азайталы деген менби, же ЖЭБ боюнча тергөө иштери аягына чыккандан кийин айыптуулар табылса, ошолорбу? Бул көрүнүш кийинки өкмөттөргө да чоң сабак болушу керек”, - деген депутат укук коргоо кызматтарына бул ишти аягына чыгарып, айыптууларды жоопкерчиликке тартууга чакырды.