Кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенин басым жасоо менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткендер болбойт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле жарандар укугун коргоо үчүн алыста жайгашкан сотторго барып, кошумча чыгымга учурабашы керектигин белгиледи.
Айтымында, жер тилкелери боюнча талаштар адамдарды облустук сотторго кайрылууга аргасыз кылат. Ошондуктан райондор аралык соттордун функциясын карап көрүү керек.
"Кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти деген шылтоо менен айыптуулар кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетпеши керек Учурда мыйзам боюнча кылмыш ишинин мөөнөтүнө карап иштер токтолууда. Тергөө органдарынын аракети куру бекер болуп калат. Бул маселе тыкыр кароону талап кылат. Айыптуулардын кылмышына баары бир баа берип, чыгымдардын ордун жабуу керек. Элдин сотторго болгон ишенимин кайра жаратуу зарыл", - деди президент.