Башкы прокурордун орун басары Дүйшөмбиевдин билдиргенине караганда, Бишкек ЖЭБинин айланасындагы иштер боюнча учурда төрт кылмыш иши ачылды.

 

Бул тууралуу парламент жыйынында билдирди. Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБи боюнча иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

 

“Палата чечим кабыл алса, тергөө органдары депутаттык комиссиянын корутундусун, жыйындын стенограммасын, чечимин кабыл алып, ишке тиркейт. Ушул боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, укуктук баа берилет. Толук объективдүү, ар тараптуу тергелет. Учурда ЖЭБдин айланасындагы иштер боюнча 4 кылмыш иши козголду. УКМКнын тергөө башкармалыгында атайын тергөө тобу түзүлдү”, - деди башкы прокурордун орун басары.