Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштерди иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо улантылууда. 

 

Депутат Кенжебек Бокоев катыштыгы бар деген аткаминерлер бирине бири айыпты оодарууга аракет жасап жаткандарына токтолду: 

 

"Баары эле өзүн айыпсыз кылып, башканы айыптууга айлантууга аракет жасоодо. Андан көрө камакка алынган аткаминерлерди бул жерге чакыралы. Мисалы, Айбек Калиевди. Бул жерде отурган аткаминерлер президенттен буйрук болгон дегенге да жетип жатышпайбы. Камакка алынгандар гана чындыкты айтып беришет. Анткени, алар өздөрүн актоо зарылчылдыгында турушат. Азыр чакырбасак, дагы бир аз күн өткөндөн кийин алардын берген маалыматтарын да тергөөнүн кызыкчылыгы деп жаап-жашырып башташат", - деди депутат.