Бишкектеги Орто-Сай базарына "бомба коюлду" деген маалымат бүгүн түштөн кийин укук коргоо кызматтарына жеткен. Маалымат телефон аркылуу кабарланган.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Айтылган жерге дароо ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери барышып, аймакты курчоого алышып, базардагы адамдарды сыртка чыгарышкан. Саперлер бир нече саат издегенден кийин базар аймагынан эч кандай шектүү буюм, же жардыруучу зат табылбагандыктан, кабар жалган экени маалым болгон.
Учурда жалган маалымат жеткирген адамдын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин да бир нече жолу Бишкектеги имараттарга жардыруучу зат коюлганын кабарлаган жалган телефон чалуулар болгон.