Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов Сапар Исаковго суроо узатты: 

 

"Сиз кызматка жайында келдиңиз, алдыдагы жылуулук сезонуна жоопкерчиликти алдыңыз, эми болсо күнөөлүү эмесмин деп жатасыз. Ошол учурда өлкө кышкы мезгилге даяр деп жар салгансыңар. Күнөөлүү болсоңуз, күнөөңүздү моюнуңузга алыңыз", - деди. 

 

Сапар Исаков мындай деп жооп берди: 

 

"Жоопкерчиликти өзүмө алгам. Кышкы жылуулук сезону боюнча Сапар Исаков жоопкерчиликти алган деп атасыз. Мен андан эч убакта качкан эмесмин. Бирок, мага дейре штабды ким башкарып, долбоорду кабыл алганын да кароо керек. Эларалык аудит жүргүзүп, эларалык компанияны жалдоо керек бул маселе боюнча". 

 

А депутат Мамытов мурдагы премьер-министрге: "Өз убагында ушинтип түшүндүргөнүңүздө оставкага кетирмек эмес экенбиз", - деп койду.