Депутат Улан Примов Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан жыйында экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ММКга берген маегинен кыска окуду. Анда, Сатыбалдиев парламенттин ишмердүүлүгүнө баа берип жатып, депутаттарды "базардан келгендер" деп белгилеген. Депутат ушул сөзгө нааразы болду.
"Мен антип айткан эмесмин. Базар шартындагы депутаттар ишкерлер, алар түзүмдү жакшы билишет деп гана айткам. Андан ары кандай жазды билбейм, журналисттин колунан кармап турбагам. Маекти окуган да эмесмин", - деп танды Сатыбалдиев.
Ошентсе да айтпаган сөзү үчүн эл өкүлдөрүнөн кайра-кайра кечирим сурады.