Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иликтөө иштерин жүргузгөн депутаттык комиссиясынын корутундусу талкуланууда. 

 

Депутат Акылбек Жамангулов 2,5 миң сомго аттиштер топтомун сатып алганын билдирди. Ал ушундай эле топтом ЖЭБге 320 доллардан сатылып алынган. Депутат топтомду көрсөтүп, укук коргоо кызматтарынан аны буюм далил катары кабыл алууну суранды. 

 

"Иликтөө иштеринде көп кызыктарга туш болдук. Энерготармагынын жетекчилери каражатты туура эмес пайдаланышкан. Кандай ири сумма жөнүндө сөз болуп жатканын билебиз. Энергетиктер тарифти көтөрүү керек дегенден башканы айтышпайт. Эмнеге жөнөкөй жарандар төлөп бериши керек? Насыя алынган каражат рационалдуу колдонулбаган. Энерготармактын жетекчилери особняктарда жашашат, кымбат баалуу машине айдашат. Алардын туугандары да бай жашашат, а расмий айлык акылары ылдый. Кайдан мынчалык байлык табышты?" - деди депутат. 

 

Ал ошондой эле ар бир адам үй кураардын алдында долбоорду толугу менен изилдеп чыгаарын белгиледи. Өкмөт мүчөлөрү Эксимбанк менен макулдашууну эч жакты карабай эле кабыл алышкан. 

 

"Албетте, алар өздөрүнүн акчаларын коротушпагандан кийин кымбат баалуу жабдыктарды сатып алышты да. Кадимки аттиш 250 сом турат. Мен базардан сатып алдым. Бизге топтомун алып келип 320 доллар турат дешпеди беле, а мен так ошондой топтомду 2,5 миңге алдым", - деди ал.