ЖК депутаты, жылуулук-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, ЖЭБдин модернизациясындагы кемчилик эксплуатацияга берилүү учурунда эле байкалган. 

 

"Эксплуатацияга берилген учурда аталган комитет көчмө жыйын өткөргөн. Премьер-министр Сапар Исаков мени чакырып алып, ызы-чуу кылбашымды суранды, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилеге кедергисин тийгизет деди. Мен маселени КСДР фракциясынын жыйынында көтөрдүм, эч ким модернизация боюнча баасын берген жок. Сапар Исаков "мен айтпадым беле, маселени далили менен көтөрүш керек. Атамбаев ачууланат", - деди", - деп билдирди Рыспаев. 

 

Ал эми Сапар Исаков депутаттын айтканын калпка чыгарды. 

 

"Эреже бузуу болгонун биринчи далилдеш керек дегеним чын. Бирок, Алмазбек Атамбаев ачууланат дегенди айтпагам", - деди ал.