Европа биримдиги уюму менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланышты бекемдөө үчүн Европа киносунун фестивалы борбор калаада старт алды. 

 

Бул жылы аталган фестиваль Ош шаарында да биринчи жолу өткөрүлөт.  Евробиримдикке мүчө мамлекеттер: Словакия,  Германия, Франция, Италия, Словения, Эстония, Венгрия, Испания, Латвия, Румыния, Бельгия, Австрия жана Финляндияда тартылган он үч фильм тартууланат. Тасмалар тартылган өлкө тилинде болгондуктан  орусча субтитрлер каралган.

 

Фестиваль Бишкекте  “Ала-Тоо” кинотеатрында 16-майдан 20-майга чейин болот. Ал эми  Ош шаарында  "Kinobox. Семетей" кинотеатрында 24-27-майда өткөрүлөт.

 

Уюштуруучулар билдиргендей, кирүү акысыз болгону менен бекер билеттерди алдын ала алуу керек. Бир адам төрттөн ашпаган билет ала алат.