Бишкек ЖЭБин модернизациялоого которулган 386 млн доллардын максаттуу, же максатсыз жумшалганын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия өткөн жумада корутундусун чыгарып, парламенттин кароосуна койгон. Бирок, убакыт жетишпей калып, бул жумадагы пленардык жыйында талкуу улантылмак болгон.
Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 11-сентябрында ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашууну бекиткен. Модернизациялоону Кытайдын ТBЕА аттуу компаниясы алган.
Былтыр август айында толугу менен модернизациялоодон өттү делген ЖЭБде быйыл январь айында авария болуп, шаардыктар бир нече күн жылуулуксуз калышкан. Бул аталган насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын түзүлүшүнө себеп болгон.