Бүгүн, 15-майда Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.
Долбоор аркылуу «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калган учурлар арбын.
Мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.
Жыйын жүрүшүндө “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жолдонду. Мыйзам долбоору мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана коррупциялык тобокелдикти четтетүү боюнча деталдаштырылган пландын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, КР транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук жактан баш ийген уюмдары, түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан жол курулушун жөнгө салуу, жолдорду жана жол курулмаларын күтүү жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” боюнча Бажы бирлигинин техникалык регламентине улуттук мыйзамдарды адаптациялоо жана ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.