Казакстанда этти ылдам жеп түгөтүү боюнча сынак болуп өттү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, сынак "Көкмайса-2018" этнофестивалынын алкагында болду. Анда 1 табак эт катышуучуларга сунушталып, 5 мүнөттө түгөтүү шарты коюлган.
Мелдештин жыйынтыгында, жеңүүчү болуп Жезказгандан келген 25 жаштагы Бекзат Жармагамбет табылды. Ал сыйлыкка 30 миң теңге (91доллар) алды. Ал эми 2-орунду багындырган адам 20 миң теңгеге (61 доллар) ээ болду.
Сынакта эт жемей менен катар кымыз ичүү боюнча да мелдеш болуп, анда Улытау районунун тургуну 4,3 литр кымызды дем албай ичип түгөткөнү үчүн жеңүүчү деп табылды.