Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 16:33 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак- үйдү жана 15 турак - үйдүн короосун суу каптаган.
Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак- үйдүн жана Акчайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген. Караташ айылында ички чарбалык унаа көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган КР Унаа жана жол министрлигине караштуу №13 Жол тейлөө ишканасынын балансындагы ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Ак-Суу айылынан 7 бодо малды жана 2 электр мамычасын сел суулары агызган.
КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин №74 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан 6 куткаруучу, №13 ЖТИден 1 жүктөгүч жана РЭСтен 1 ыкчам топ, КР ӨКМнин 3-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 50 куткаруучу тартылып, Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө каптаган сууну саат 21:00дө толук тазалашты. Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо иштери улантылып жатат.
Жолдорду калыбына келтирүү, сел суулары кирген турак -жайлар менен социалдык обьектилерди тазалоо жумуштары улантылууда.