Өкмөт жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев электр энергиясына тарифти кымбаттатуу маселесине кайрылды. 

 

"Тарифтерди көтөрүүнү талап кылууга болбойт. Коррупциялык схемалар толугу менен жоюлгандан кийин гана жогорулатуу тууралуу ойлонсок болот. Бул жалпы маселе. Аны чечүүгө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматтарынан тартып бардык бийлик бутактары биргеликте аракет кылуусу керек", - деди премьер-министр.