Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү белгисиз жаран үйүнө кирип, уюлдук телефонун жана 9 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.


"Бул факты Свердлов РИИБде каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.


Ыкчам- издөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 23 жаштагы Б.у.А. аттуу жаран кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.