Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов УКМК андан эмне тууралуу сураганын маалымат каражаттарына билдирди. 

 

Айтымында, көпчүлүк суроолор TBEA грантын өздөштүрүү боюнча берилген. Андан тышкары Бишкектин мэри болуп турган кезинде курулган мектептер жөнүндө да сурашкан. 

 

Кулматов билдиргендей, TBEA грантына "Калыс-Ордо" конушундагы мектеп курулган. Ал мектеп мыйзамдуу негизде курулганын белгилеп, кылмыш иши жоктугун айткан.