Кыргызстандын Эсептөө палатасы Мамлекеттик каттоо кызматында жана ага караштуу уюмдарда бюджеттик, атайын жана башка каражаттар кандай багытта колдонулуп жатканы боюнча пландалган аудит жүргүзгөн.
Анын натыйжасында бул кызматта 15 миллион сомдон ашык каржы эрежелеринин бузулгандыгы айкын болгон. Алардын 15 миллион 400 миң сому кызматкерлердин айлык маянасына кеткен. Болгондо да маяналарга зарыл эмес кошумчалар да кошулуп төлөнүп турган. Кийинчерээк аталган кызмат маяналарга кошумчалар тууралуу өзгөчө жана зыяндуу кызмат үчүн төлөнөөрүн билдирген. Бул төлөмдөргө дээрлик 2 миллион сом коротулган.