Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүн УКМКга сурак берүүгө чакырылды. Бул тууралуу коопсуздук кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кулматов кайсы бир кылмыш ишинин негизинде күбө катары чакырылган. Бирок, ал эмне болгон кылмыш иши экени азырынча ачыктала элек.