Кыргызстан үчүн чын дилинен күйүп, көп жакшы иштерди аткарган экс-депутат Рустам Маманов УКМК тарабынан камакка алынды. Аны менен чогуу дагы бир экс-депутат Рустам Воинов камалганы айтылууда. 

 

Маалым болгондой, экс-депутаттар кылмыш ишинин негизинде камалышты. Бирок, кандай кылмыш иши экенин УКМК ачык айтуудан баш тартты. Аны тергөөнүн кызыкчылыгы катары түшүндүрүштү. 

 

Рустам Маманов ишкерчилигинен түшкөн кирешесинин айрым бөлүгүн мекен үчүн жумшаганы менен элдин алкышына, сыйына арзыган инсан. Ал Кырызстан тарыхынын жазылышына 1 миллион доллар которгону айтылып жүрөт. Ошондой эле "Кыргыз бийи" долбоорун ишке ашыруу менен "Кара жорго", "Жалын бийи" аттуу кыргыз бийлерине экинчи өмүр тартуулаган. Андан тышкары орто мектептердин окуучуларына бирдей форма чыгарган.