Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда 4-майда үч эм төрөлдү. 45 жаштагы Чынара Исманова үч эмди жарык дүйнөгө алып келди.
Аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаевдин маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, учурда үч эмдин жана эненин саламаттыгы жакшы.
Чынара Исманова Жайыл районунун тургуну. Ал жасалма уруктандыруу жолу менен кош бойлуу болгону айтылууда. Эки кыз жана бир уул - үч эм эненин экинчи төрөтү. Эненин улуу кызы 24 жашта.