Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кумар оюндарын ойноочу жайлар боюнча кайрылуулар келип түшүп, биздин жарандар кумар ойноочу жайларда өздөрүнүн мүлктөрүн (үй, автоунаа, ири өлчөмдөгү акча каражаты ж.б.) уттуруп жаткандыгын билдиришкен. Аталган маалымат ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган. Бул багыт боюнча милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзө башташкан.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында 26 мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуучу жай бар экендиги аныкталган: Ленин РИИБи-5, Биринчи май РИИБи-9, Октябрь РИИБи-5, Свердлов РИИБи-7. Ал эми Ош шаарында 1 кумар оюндарын ойнотуучу жай аныкталган.


Топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.


2012-жылдын 1-январынан баштап “Кумар оюндарынын ишине тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, кумар оюндарынын ишкерлигине Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган.


Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын негизинде милиция кызматкерлери жарандардан келген ар бир арызды жана кайрылууларды каттоого алууга тийиш.


Бүгүнкү күнү республиканын ар бир аймагында кумар оюндарын ойноотуучу көмүскө жайларды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.