Фейсбуктагы тармагына пикир калтырган   Темир Болотбек аттуу бишкектик окутуучу жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.  Анын билдирүүсүн УКМК "улут аралык кастыкты козутуу" деп тапты.

 

Темир Болотбектин айтымында,  алгач суракка чакырылып, кийинчерээк  айып тагылган. Бул окуядан кийин өзүн  бир аз тыйып, буга чейинкидей эмоционалдык билдирүүлөрдү жазуудан  абайлап калды.

 

 

Темир Болотбек Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде  окутуучу болуп эмгектенет. Ал  «Фейсбуктагы» совет доорунда салынган Бишкектеги имараттар боюнча талаш-талкууда «совок» деген сөздөрдү колдонуп, «Советтер Союзун эңсегендер «Рашага» кеткиле» деген пикирлери үчүн соттолууда.

 

Бирок, ал өзүн улут аралык кастыкты козуттум деп эсептебейт. 

 

«Билдирүүлөрүмдө башка улутка, расага, динге шек келтирген сөздөр жок. Бирок бул айыптоо боюнча камалып кетишим толук мүмкүн», – дейт ал. 

 

 

  •  
  •