Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасында автоунаанын багажнигинен документсиз жаран жашынып бараткан жеринен кармалды. 

 

Бул тууралуу КР Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда,   6-майда  Баткен облусунун аймагында жайгашкан "Ак-Кыя" бекетинин жоокерлери “Hyundai Starex” автоунаасын текшеришкен. Машиненин багажнигинен  Өзбекстандын жараны табылган. Ал өздүгүн  тастыктаган документтери болбогондуктан  Кыргызстанга жашырып өтүүгө аракеттенгени аныкталган. 

 

Айдоочу жана өзбек жараны  Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.