7-майда саат болжол менен 3.45те Чүй облустук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарындагы Аламүдүн районунда жайгашкан Мраморное айылындагы СЭЗде өрт башталганы тууралуу кабар келген. 

 

Окуя болгон жерге ИИМ, Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ӨКМнын куткаруу бригадасы барышкан. 

 

Алар барганда СЭЗдеги үч  ангар (8000 чарчы метр аянттагы) күйүп кеткени белгилүү болгон. 

 

Ангарда  таңгактоо өндүрүшүнүн жабдыктары сакталган. ӨКМнын болжолдуу маалыматына караганда, өрт электр туташтыргычтарындагы чыңалуудан улам келип чыккан. Учурда материалдык зыян такталууда. 

 

Бул боюнча иликтөө- тергөө иштери жүрүүдө.