Өлкө аймагында 6-майда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

 

 

Маалыматка  караганда, кечээ, 6-майда саат болжол менен 09:17 чамасында Кыргызстан жана Тажикстан чегара аймактарында  күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

 

Андан тышкары  Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, жана Нура, Иркештам, Кек-Суу, Икизяк, Кара-Кимдик айылдарында 3 балл, Сары-Таш, Арса-Булак, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин жердин титирегени  сезилген.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча  табият кырсыгынан  жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.