Бишкек ЖЭБинде ушул жылдын январь айынын соңунда авария болуп, шаардыктар бир нече күн жылуулуксуз калышкан. Мындан улам андан жарым жылдай илгери ЖЭБди модернизациялоо иштерин карап чыгууга зарылчылдык түзүлгөн. Жогорку Кеңеште бул жаатта иликтөө ишин алып барууга атайын комиссия куралган. 

 

Бүгүн депутаттык комиссия жыйынга чогулат. 

 

 

Маалым болгондой, анда депутаттар   ЖЭБди оңдоо үчүн  алынган 386 миллион доллар насыяны башаламан  пайдаланып жана  бул  авариянын келип чыгышына себепкер болгон жетекчилердин ишине саясий баа берүүнү көтөрүшөт.

 

Эске салсак, модернизациялоого аталган сумма Кытайдагы  "Эксимбанктан" алынган.  Насыя алуу боюнча макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан  2013-жылдын  11-сентябрында бекитилген. Модернизациялоону  кытайлык ТБЕА компаниясы ишке ашырган.