2010-жылдагы революциядан кийин коомчулукта банк кутучаларынан чыккан векселдер тууралуу маалымат тарап, ага байланыштуу түрдүү имиштер күч алган. Бири “Салянова бир пайызын алып, Казакстанга чыгарып берген” десе, экинчиси “векселдердин пайдасын ошол кездеги бийлик башындагылар көрүптүр”- дешет. Кыскасы, бул маселенин чын-бышыгы коомчулукка ачык жарыялана элек болгон үчүн тирдүү имиштерге жем таштады. Биз бу сапар ошол векселдер тууралуу кеп кылып, алгач “вексель деген эмне (?), ал кандайча Кыргызстанга келип калган, ага ким ээлик кылат?”- деген суроолорго жооп алуу үчүн векселдин ээсине адвокаттык кылган Мукар Чолпонбаев менен баарлаштык.

 

- Мукар мырза, Кыргызстанда түрдүү имиштердин күч алдырган  векселдер кимге таандык? Ал Кыргызстанга кандайча келип калган?

 

- Негизи түрдүү имиштердин күч алдырган векселдер Казакстандын тоо кен иштетүүчү “Кундыбай” деген компаниясына тиешелүү. Бул компаниянын ээси Абыт Атарбеков азыркы кезде бул векселдерге кардар издеп жатат. 2004-жылы аталган компания Кыргызстанга 380 корпоративдик жөнөкөй вексель алып келген.

 

Бирок, бул векселдер белгилүү бир процедуралардан өтмөйүнчө баалуулуктарга ээ болбойт экен. Айтайын дегеним, векселдерге биринчи класстагы АА банк кепилдик берсе гана ар бир векселдин номиналдык баасы 10 миллион долларга тете болот. Кыргызстанда андай банк жок. Ошон үчүн векселдер иштебей турат.

 

Эл аралык жана финансылык рынокто лицензиясы бар инвесторлор бул векселдерди гарантиясы менен алгандан кийин гана  түшкөн пайданы Кыргызстан менен Казакстан бөлүп алмак. Бирок ал ортодо “Atarbek Trade Limited Company” жоопкерчилиги чектелген коомдун генералдык директору Абытбек Атарбековго “баалуу кагаздарды контрабандалык жол менен Кыргызстанга алып кирди”- деген айып менен кылмыш иши козголуп, 2010-жылы октябрь айында тартылып алынган. Кийин ал иш кыскартылып, толугу менен акталган. Векселди алып келген кишиде кылмыштын курамы жок болгондуктан иш кыскартылган.

 

- Айтканыңызга ынаналы. Бирок, тар чөйрөдө 3 млрд. 800 млн долларлык векселди Кыргызстандан Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Эмилбек Каптагаев жана сиздин жардамыңыз менен чыкканы тар чөйрөдө айтылып жүрөт го?

 

- Ал векселдер эч жакка чыгып кеткен эмес. Ал бүгүнкү күндө дагы  Кыргызстандын бир коммерциялык банкында сакталып турат. Аны алып чыгуу үчүн кимдир бирөө процент алып, пайдасын көргөн эмес. Банк тарабынан кепилдик  болбогондуктан, 3,78 миллиард долларга барабар болгон “Atarbek Trade Limited Company” деген жоопкерчилиги чектелген коомго тийешелүү болгон 380 вексель иштебей эле сакталып турат.

 

- Эмне үчүн иштей элек  векселдер чулгандуу болуп, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болду?

 

- Сыягы, оңой акчаны алгысы келип, көз арткандар көп болгон үчүн чуулгандуу болду окшойт. Анткени, ичи тарлар ошол маселени кайрадан көтөрүп жатышкандай. Бирок, алардын андай аракетинен эч ким деле пайда таппайт. Интриганы гана күчөтөт.  Европадан гарантия берип жатат деп, иштетебиз деп чуркап жүрүшөт.

 

- Мукар агай, ошондо сиз казак жаранына адвокат болдуңуз беле?

 

- Кыргыз жаранына эле адвокат болгом. Ал векселдерди бизге кыргыз жараны алып келген. Векселдердин ээси казактар болгону менен, алардан биздин балага өткөн. Эми 2020-жылга чейин иштетилип калбаса,  пайдалануу мөөнөтү бүтүп калат. Башкача айтканда, векселдердин акчасы казактарга түшпөсө, казактар векселдердин баасын төлөбөй коюшат.

 

- 2010-жылы күйүп кетет турганы анык болсо, эмне үчүн аны иштетүүгө мамлекет кызыкпайт?

 

- Бул векселди казактардын өкмөтү чыгарган эмес. Аны жеке компания кен чыккан жерди баалап туруп чыгарган. Ошондуктан бул векселге казак өкмөтүнүн эч кандай  тиешеси жок. Ошондой эле кыргыз мамлекетинин да кылдай тиешеси жок. Өкмөт мындан бир тыйын да алалбайт.  Эгер иштеп кетсе,  салык, өндүрүш, продукция дегендери Кыргызстанда калат.

 

- Векселдин ээси инвестор издебей эле биздин мамлекет алып, өнөр жайгабы же дагы бир өндүрүштүн бир тармагына салса, пайдасы тиейт беле дейм да...

 

- Аны өкмөт алса, өкмөт төлөп калат да. Жеке адамдын алып жүргөнү эле жакшы. Ал жигит дагы ал векселдерди сата алса, анын акчасын жемек беле, өндүрүшкө салам деп турат. Азыркы күндө 500дөн ашык долбоор бар. Экономикага көп эле пайда түшөт. Өкмөтүң Кытай берип жаткан, Иран берип жаткан өтө аз процент менен акчаларды Кыргызстанга кийирбей жатканын уксаң, күйбөгөн жериң күл болот. Алардын иштөө ыкмасын көрүп, угуп, кээде төбө чачым тик турат. Айтайын дегеним, өкмөт аз пайыздагы кредиттерди албай, пайызы жогору бирок, мамлекетке опурталдуу жеке өздөрүнө пайдалуу кредиттерди алат экен. Ач көз чиновниктердин айынан Кыргызстандын тышкы карызы көбөйүп, мамлекет жардыланып, эл бушайман болуп жатат.

 

Шамил Жалилов

Булак: “Майдан.kg