2018-жылдын 4-май күнү саат 04:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында “Коңурат” каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак үйдүн короо жайларын каптаган, анын ичинен 1 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 4 ажатканага суу кирип, анын кесепетинен 2 ажаткана кулап түшкөн.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Турак үйдүн жер төлөөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

 

Учурда каналдын суусу азайтылган, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары КР ӨКМ Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ чыгып кетти. Эскерте кетсек, КР ӨКМи тарабынан 1-2-май күндөрү жаан-чачын болуп, дарыялардагы суулардын денгээли көтөрүлөөрү эскертилген. Ошого карабай, каналдагы суулар токтотулган эмес.

Кошумча маалымат берилет.