Октябрь РИИБге кыздардын катышуусу менен порнографиялык материалдарды жасоо жана сатуу иштерин уюштуруп, интернет тармактары аркылуу сатып пайда көрүп жаткандыгы боюнча Д.аттуу жарандан маалымат келип түшкөн. Анын негизинде аталган РИИБ порнографиялык буюмдарды жасоо жана сатуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

 

Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кыздардын иштөө принциби веб-модель катары видеочат менен дене мүчөлөрүн жылаңачтап порнографиялык шоу көрсөтүү менен чектелген. Кыздар  керектүү жабдыктары бар бөлмөдө, белгилүү өлчөмдөгү акчага интернет аркылуу кардарлардын бардык талаптарын аткарып турушкан. Студияда бир канча нөөмөт менен иштешип жана аткарган жумуштары үчүн эмгек акысын алышкан.


Бул факты боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (порнографиялык материалдарды жасоо же сатуу) менен кылмыш иши козголгон.


Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин негизинде батирдин ичи күбөөлөрдүн жана бул мыйзамсыз иш-аракеттердин уюштуруучу 1990-жылы туулган А.Д. аттуу жарандын көзүнчө жүргүзүлгөн текшерилген. Батирдин ичинде жогорку окуу жайларда окушкан 30 чукул кыздар болгон. Ар бир бөлмө эки кишилик керебеттер, веб-камерасы менен мониторлор жана компьютерлер менен жабдылган. Батирди текшерүү учурда 16 компьютер, 150 дөн ашык интимдик буюмдар табылган. Текшерүү иштеринен кийин жогорку көрсөтүлгөн жарандар Октябрь РИИБине жеткирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.