Нариман Түлеев абакта жатканда Атамбаевден далай жолу кечирим сураган
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевден абакта жаткан кезинде үстөк-босток кечирим сураганы тууралуу маалыматты КСДП партиясы таратты.
Маалым болгондой, экс-мэр экс-президенттен кат жүзүндө кечирим сураган.
КСДП партиясы Атамбаев Түлеевден кечирим суратууну эч убакта максат кылбаганын, соттолуучунун жасаган кылмышы үчүн кечирим сурай турганын да күтпөгөнүн билдиришти.
Нариман Түлеев маалымат каражаттарына аз убакыт мурда маек берип, анда абактан чыккандан кийин Атамбаев чогуу иштешүүнү сунуштаганын билдирген. Айтымында, ага экс-президенттин жанында жүргөн адамдар келишип, чогуу иштешүүгө чакырышкан. Бирок, Түлеев ага көнгөн эмес. "Мен аларга айттым, Атамбаевдин убагында саясий куугунтукка туш келген бардык саясатчыларды чакырайын, бир дасторкондо отуралы, ошондо Атамбаев "балдар, ушундай болуп калды", - деп туура эмес кылганын моюнуна алсын дедим", - деген Түлеев. Ал маек чыккандан кийин кыска убакытта КСДП партиясы экс-мэрдин маалыматын комментарийлеген. Партия анын айткандарын жалганга чыгарып, "кара пиар" деп атаган.