"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун Адилет министрлигин башкарып турган кезде кол койгон документи интернетке жарыяланган. Документтерди жарыялаган тарап "Адалсынган Алмамбеттин ЖЭБдеги коррупцияга катыштыгы бар" таризинде пикирин билдирген. Бир нече күндөн бери Шыкмаматовдон буга жооп болбой жатып, эми гана үн чыгарды.
"Ата Мекендин" лидеринин айтымында, бул документ эч кандай анын жеке аракетин чагылдырбайт. Тендерди утуп алган компанияга ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жашыл жарык жандырып берүүдө сөзсүз Адилет министрлигинин башчысынын мыйзам талап кылган уруксаты керектелет. Ошондуктан, ал кызматынын талабы менен мыйзам чегинде документке кол койгонго аргасыз болгон.
"Ал менин жеке көз карашым эмес. Ал мыйзам талап кылган нерсе. Негизи, инвестиция тартууда тендер өткөрүү чечүүчү роль ойнобойт, аны өкмөт кабыл алат. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого бөлүнгөн каражатка жаңы ЖЭБ куруп коюуга болоор эле. Бирок, коррупциянын айынан ал каражаттын тең жарымынан көбү кымырылып кеткен. Эми тергөөчүлөр каражатты ким солоп алганын табышы керек. Бул нерсени эл да күтүп жатат. Мен кол койгон документти бул ишке байланыштыргысы келгендер же кылдан кыйкым издегендер, же чала сабаттуулар", - деди Алмамбет Шыкмаматов.