Нариман Түлеев "Азаттыкка" берген маегинде абактан чыккандан кийин Атамбаевден чогуу иштешүүгө сунуш түшкөнүн билдирди. 

 

"Мага Атамбаевдин адамдары кызматташууну сунушташты. Мен аларга:  "Балдар, мен баарын унутам, баарын кечирем, бирок, Алмаз Шаршеновичке айта баргыла, мен анын бийлигинин учурунда саясий куугунтуктоого кабылып, абакка отурган саясатчылардын баарын чогултайын, бир столдо отуралы, ошондо Алмаз Шаршенович "кечирип койгула, ушундай болуп калды", - десин, ошондо баары унутулат", - дедим. 

 

Анын бул сөзүнө Атамбаев бул жолугушуу Түлеевге эмес, анын өзүнө керектигин билдирген жоопту кайтарган. 

 

"Бирок, убакыт өттү да. Бир канча убактан кийин Атамбаев бизге эмес, биз ага керек болдук. Бирок, кептин баары - анын эми бизге кереги жоктугунда жатат", - деген Түлеев. 

 

Эске салсак, Нариман Түлеев коррупция беренеси боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган жана үй-мүлкү конфискацияланган.