Экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин Кыргызстандан чыгып кеткенин жардамчысы Айбек Эрмеков "Азаттыкка" билдирген. Ал Шадиевдин кайсы өлкөгө кеткенин так айткан эмес, болгону жүрөк оорусуна байланыштуу операция жасатуу үчүн Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин белгилеген. 

 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлгөн 30 миң доллары дайынсыз кеткендиктен кылмыш иши ачылган. Шадиев бул кылмыш ишиндеги шектүү катары УКМКга сурак берген. 26-апрелде кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, ошол эле күнү жүрөгү кармап ооруканага түшкөн. 

 

Айбек Эрмековдун айтымында, Шадиев 5 жылдан бери жүрөгү ооруп, каттоодо турат.