Акыркы кездери бомба боюнча жалган маалымат берүү фактылары көбөйдү. Аз убакыттын ичинде Бишкектин ар кайсы жайларына жардыруучу зат коюлду деген кабар 102 нөөмөт бөлүмүнө түшкөн жана текшерүүлөрдөн кийин ал кабарлардын баары жалган болуп чыккан. 26-апрелде Борбор Азиядагы Америка университетине бомба коюлду деген кезектеги кабар нөөмөт бөлүмүнө түшөөрү менен, айтылган жерге УКМК менен ИИМ кызматкерлери барышып, тыкыр текшерүү жүргүзүшкөн. Бул арада сабакта отурган студенттер менен мугалимдер, университеттин ичиндеги бардык адамдар сыртка чыгарылып, имараттан 200 метрдей ары аралыкка кетирилген. Бир нече саатка созулган текшерүүдөн кийин кызматкерлер эч кандай шектүү буюм же жардыруучу зат табышкан эмес. Андан бир күн өтпөй дагы эле нөөмөт бөлүмүнө бул сапар “Бишкек Парк” соода борборуна жардыруучу зат орнотулганы кабарланган. Бул жолу да тийиштүү кызматкерлер барышып, борбордун ичин адамдардан бошотуп, текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Кудай жалгап, бул маалымат да калп болуп чыкты. УКМК телефон – террористин издөө жүрүп жатканын маалымдады. “Ата Түрк” паркына бомба коюлду деп телефон чалган адам кармалганда, ал сүйүктүүсү менен уруша кетип, ызасынан ичип алган адамдын кылыгы экени аныкталган. Бул сапар кимдер кандай максат менен жалган кабар айтышты экен?
Булак: “Майдан. kg” гезити