Экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жана анын жубайы Асель Шадиеванын банктагы эсептери тоңдурулду. Эсептердин беш күнгө тоңдурулуусу  ачылган кылмыш ишинин негизинде болду, ал ишке экс-вице-премьер-министрдин да катыштыгы бардыгы айтылууда. Жогорку Кеңеш тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн бөлүнгөн 30 миң доллары ың-жыңсыз кеткен. Бул боюнча бөлүм башчы шектелип, анын артынан  шек Аскарбек Шадиевге да түшкөн. Ал УКМКга сурак берген. Мындан улам “кылмыш иши ачык-айкын териштирилүүсү үчүн” 6-апрелде Шадиев өз эрки менен вице-премьерлик кызматтан арыз жазып кеткен. Ошол эле күнү жүрөгүнөн кармап, ооруканага жеткирилип, бүгүнкү күнгө дейре дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. Анын ооруп калганын коомчулук ар кандай кабыл алды. Айрымдары, Кыргызстанда адат болуп калгандай, кылмыш ишине тиешеси бар болуп чыккан аткаминерлердин баары ооруканага жөнөшөрүн белгилешип, буга ишенбөөчүлүк менен карашты. Бирок, айта кетүү керек, Аскарбек Шадиев чейрек кылымдан бери бизнес тармагында ийгилик жаратып келген инсан. 30 миң доллар үчүн өз абийирин төгүп ага эмне зарыл? Коомчулукта А.Шадиевдин кыргыз элине жасаган чоң эмгектери айтылбай жатат. Бул тууралуу эмкиде окурмандарга маалымат беребиз.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити