Тарыхый маалыматтарга таянсак, Бишкек шаарынын тарыхы дээрлик бир жарым кылым илгерки доорго барып такалат. Борбор калаанын жаралышы тууралуу тарыхта ар кандай маалыматтар бар. Алардын бири мындай: 

 

Бишкектин пайда болушуна "Улуу Жибек жолунун" мааниси зор. Илгерки заманда Кытайдан эки багыттагы кербендер каттар турган. Жолдун Чыгыш бутагы Кордай аркыуу Чүй талаасына чыгып, бул жерден Ысык-Көл көлүнүн жээги менен Борбордук Тянь-Шань аркылуу алып өтчү башка жолго туташкан. Мына ушул эки жолдун айрылышында кербен эс алган. Ал жерде адатта соода кызуу жүрүп, эки каттамдагы кербендерде келаткан көп сандагы адамдар аймакты гүүлдөгөн шаарга айлантышкан. Алар бул аймак бир нече жылдардан кийин бир өлкөнүн борбор калаасына айланаарын билишпейт болчу. 

 

бывший Фрунзе(Бишкек), Киргизстан 

 

 1825-жылы учурдагы Бишкектин ордуна кокон чеби пайда болгон. Аны 1860-1862-жылдары орус аскерлери басып алышып, уратышкан. 1864-жылы ал жерге Пишпек аскер шаарчасы орун алган. 

 

Картинки по запросу история бишкека(Пишпек шаарындагы тегирмен)



1878-жылы Бишкек Семиреченский облустун уездик  шаары статусуна ээ болгон. Анда майда тамак-аш жана тери иштетүүчү өнөр жайлары курулган. Андан тышкары, жашоочулар соода, жеткирүү, багбанчылык жана дыйканчылык менен алектенишкен. 1905-1907-жылдардагы революцияда шаар революциялык маанайдагы билдирүүлөрдүн очогуна айланган. 

 

Картинки по запросу история бишкека 

 

1917-жылдын октябрь айында А. Иваницындин жетекчилиги астында большевисттердин уюму түзүлгөн. Совет бийлиги орун алгандан кийин Бишкек Түркистан  АССРинин курамына кирген. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун борборуна айланган. Ал эми 1926-жылы Фрунзе шаары болуп аталышы алмашкан. 

 

Картинки по запросу история бишкека


 

Кыргызстандын эгемендик алган алгачкы жылдарында борбор калаанын Фрунзе атылышы Бишкек болуп өзгөртүлгөн.