2018-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Нарын облусунунНарын шаарында МУКК кызматкерлери үчүн курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсюла салуу салтанаттуу аземи болуп өттү.

 

Бул иш чарага КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаардын мэри, коопсуздук органдарынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

 

Быйылкы жылы бул турак-үйдөн МУКК кызматкерлеринен 20дан ашык үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болот. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз колдоосу менен МУКК кызматкерлерине башка аймактарда дагы турак-үйлөрдү куруу белгиленип жатат.

 

Эске сала кетсек, Ош жана Каракол шаарларында КР МУКК кызматкерлери үчүн турак-үй куруу иштери башталган.