Тогуз-Тородон келген алты аял Акүй алдына митингге чыгышты. Алар аталган аймактагы алтын компаниясына каршы акцияда кармалган жердештерин бошотууну талап кылышууда. 

 

Тогу-Тородогу алтын иштетүүчү кытай компаниясынын ишмердүүлүгүнө жергиликтүу тургундар нааразычылык акциясына чыгышып, компаниянын имаратын өрттөп жиберишкен. Компаниянын иши экологияны бузуп жатат дешкен тургундар. Мындан улам 15 жергиликтүү жаран камакка алынган. 

 

 Митингге чыккандар "Эл үнү. Акыйкат. Эркиндик", "Бейкүнөө балдарды бошоткула" деген жазуулары бар плакаттарды кармап отурушат.