Эске салсак, өткөн жылдын жай мезгилинде Бишкектеги "Арча-Бешик" конушундагы үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. 

 

Анын энеси укук коргоо кызматы тарабынан табылган. 

 

"2014- жылы турмушка чыккам, бир кыздуу болгондон кийин ажырашып кеттим. 2016-жылы Кочкордо официантка болуп иштеп жүрүп бир жигит менен таанышып калдым. Жолугушуп жүрүп, бир күн кош бойлуу экенимди билдим. Жигитиме айтсам, аборт жасат деп койду. Ошол эле күнү ичим ооруп дааратканага бардым. Баланын башы көрүнүп, анан дааратканага түшүп кетти. Бала өлүү төрөлдү окшойт деп ойлоп, үйгө кирип жуундум. Бир канча убакыттан кийин дааратканага коңшулар чогула баштады. Алар ымыркайды алып чыгышты. Төрөттөн кийин шок абалында болгондуктан бул тууралуу эч кимге айтпадым", - деп айыпталуучу көрсөтмө берген.