- Мен буга чейин эле, Баш мыйзам премьерге мурункудан караганда кеңейтилген укуктарды берген күндө дагы, олуттуу дайындоолорду бир ооз болсо дагы президент менен макулдашып коюшу керектигин айткан элем. Тилекке каршы, Сапар Исаков өз алдынчалуулук кылып, өкмөт менен президенттин ортосунда карама-каршылык күчөп, акыры отставка менен бүттү. Мыйзам боюнча, айрым кадрдык чечимдерди өз алдынча кабыл алууга премьерге Башмыйзам жол берет. Бирок, мыйзам жол берсе дагы, адамгерчилик, моралдык, жигиттик мыйзамдар Болот Сүйүмбаевди дайындоого жол бербейт болчу. Менимче, ошол олуттуу катасы үчүн Сапар Жумакыдырович кызматынан кол жууду.
Булак: "Майдан.kg" гезити