Бишкекте азыркы замандын "Алдар көсөсү" пайда болуптур. Жомокко жакындар Алдар көсө жалаң гана бай-манаптарды алдап, өз кызыкчылыгына пайдаланганын жакшы билишет. Ошол сыяктуу эле белгисиз бир адам Кыргызстандын аткаминерлеринин чөнтөгүнө бир топ зыян алып келди.
Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, азырынча ким экени аныктала эле бир адам бир катар мекемелердин жетекчилерин алдап, ар биринен 150 доллардан акча өндүргөн. Алдангандардын бири - Айыл чарба министри Нурбек Мурашев экени белгилүү болду. Бул маалыматты аталган министрлик да жокко чыгарбады.
Белгисиз адам жаңы дайындалган министрлерге телефон чалып: "Мен президенттин "оң колумун". Креслоң үчүн ыраазычылык билдиришиң керек", - деп демиткен. Президентке жагынгысы келген министрлер айтканды аный дебей аткарып, сураган акчасын которуп коюшкан.
Баарынан кызыгы, бул жерде шылуунга карата терс сезимдин пайда болбогону. Тескерисинче, "креслого отурганың үчүн төлөшүң керек" деген талапка дароо көнүп, акчаны карматкан аткаминерлердин кылыгы алардын мындай көрүнүшкө эчактан көнүп калышканын кабарлап, алдамчыны эмес, алданган тарапка кыжыр келет. Демек, аткаминерлерибиз минген аты үчүн ыраазычылыгын мамлекетке, элге кылган кызматы менен эмес, жогору тарапка төлөгөн акчасы аркылуу билдиришет турбайбы. Анан "ыраазычылыгымды билдиргем, сатып алгам" деген сыңар, кызматты атасынан калган мурастай каалагандай пайдаланганы ошондон окшойт.