Кечээ саат 13:37де "102" күзөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, белгисиз адам Борбордук Азиядагы Америка университетинин имаратына бомба коюлганын маалымдаган. Ошол замат УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери аталган университетке барып, текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. 

 

Университеттин ичиндеги бардык студенттер жана мугалимдер сыртка чыгарылып, эки сааттай тийиштүү кызматкерлер бомба издешкен. Бирок, эч кандай шектүү жардыргыч заттар табылган эмес. 

 

УКМКнын билдиргенине караганда, учурда телефондондон жалган маалымат берген адам изделүүдө.