Экс-премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук кызматына бүгүн сурак берет. Бул Сапар Исаковдун соцтармактагы баракчасына жарыяланган билдирүүдөн улам белгилүү болду. 

 

Соцтармакка экс-премьер-министр суракка чакырган тастыктамасын да жайгаштырган. 

 

УКМКдан билдиришкендей, Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакырылды. Сурак саат 3тө болот жана экс-премьер-министр   тергөөчү К. Сабыров  менен маектешет.